"Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында реформалардын кезектеги этабына кадам ташталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өлкөнүн маанилүү маселелерин тез чечүүгө багытталган жыйын өткөн.
Анда ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосун, ошондой эле айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн зарыл болгон 083 медициналык маалым катын алуу процессин жөнөкөйлөтүү каралды.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ири өлчөмдөгү жана оор жүктөрдү ташууга 8 256 атайын уруксат кагазын берген. Орто эсеп менен күнүнө 20га жакын транспорт өткөрмө бекеттерден өтөт. Азыркы учурда уруксат алуу процесси бюрократиялашып, татаал бойдон калууда. Уруксат алуу үчүн ташуучу 8 этаптан, ал эми жүктүн бийиктиги 4,5 метрден ашса 10 этаптан өтүшү керек", — деди өкмөт башчы.
Касымалиев атайын уруксатты берүүнү 100 күн ичинде электрондоштуруу милдетин койду.
"Идеалында жүк ташуучу атайын уруксатты 30 мүнөттүн ичинде алышы керек", — деди минкаб башчысы.
Касымалиев 100 күндүн ичинде бул процесстерди санариптештирүү, бюрократияны азайтуу жана мамлекеттик органдардын маалымат системаларын интеграциялоо боюнча тапшырмаларды койду.
Ошондой эле жыйындарды видеоконференция форматына өткөрүү чечими кабыл алынды.
"Жыйналыштарда баяндамачылар гана катышышы керек. Министрлер жыйын өтүүчү жерге барчу жана кайра артка кетчү жолдо бир нече саат убакыт коротушат", — деп сөзүн жыйынтыктады Касымалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн