Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева социалдык тармак аркылуу “Манас” Эл аралык аэропортунун жетекчилерине кайрылуу жасады.
Эл өкүлү өз кайрылуусунда “Манас” аэропортунун жетекчилери кызматкерлерине туура эмес мамиле кылып жатканын айткан.
“Кызматкерлериңерди мөөнөтсүз эмгек өргүүгө кетирип жаткандыгыңар тууралуу билдирүүлөр түшүүдө. Эч кандай түшүндүрмө бербей бербей, эч кандай чечимди көрсөтпөй туруп, өз эрки менен бир-бирден арыз жазууга мажбурлап жатыпсыңар. Аэропорттун кызматкерлери эпидемия башталгандан бери, өмүрүн тобокелге салып иштегендердин бири. Эпидемиянын борборунда бет кабы жок иштешип жатты, илдетти жуктуруп алган адамдарды тосуп жатты. Мамлекетик мекемелердин кызматкерлери да үйлөрүндө иштегени кетишти, бирок аларга маянасы төлөнөт. Силер өзүңөрдүн кызматкерлериңерди малды чыгаргандай, сыртка чыгарып койгонго укугуңар жок. Аэропорттор – стратегиялык объект. Тескерисинче мындай өзгөчө абал учурунда бул мекемелерди күчөтүү керек”, - деген Касымалиева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн