Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:11
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Касымалиева Садыр Жапаровдун инаугурациясы боюнча кулактандыруу жасады

27.01.2021 15:56
1116
Касымалиева Садыр Жапаровдун инаугурациясы боюнча кулактандыруу жасады

Жогорку Кеңештин депутаттарын Садыр Жапаровдун ант берүү аземине уюштуруучулар өздөрү автобус менен алып кетет. Бул туурасында вице-спикер Аида Касымалиева парламенттин бүгүнкү  жыйынында билдирди.


Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн баарын автобустар менен алып барып, кайра алып келет.


“Эртең Жогорку Кеңештин имаратынын батыш тарабына саат 8:30га чогуласыздар, автобустар саат 9:00дө жөнөйт. Чакыруу баракчасы жана кызматтык күбөлүгүңүздөр сөзсүз түрдө жаныңыздарда болушу керек. Жеке транспорт менен барууга тыюу салынат. Иш-чара бүткөн соң Жогорку Кеңештин имаратына кайра эле ошол автобустар ташып келет”, — деди Касымалиева.


Ошондой эле ал инаугурацияга байланыштуу парламенттин бейшембидеги жалпы жыйыны болбой турганын эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн