Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 09:42
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.130

Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

30.09.2025 10:17
150
Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду


Адылбек Касымалиевдин Беларуска сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тизме:

- Жарандардын эки өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;

- Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Юстиция министрликтеринин кызматташуусу боюнча макулдашуу;

- 2030-жылга чейинки соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасы (товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүү планы менен);

- Санариптик өнүктүрүү жаатындагы стратегиялык кызматташуу боюнча меморандум;

- Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча меморандум;

- Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык кызматташуусу боюнча макулдашуу;

- 2025–2026-жылдарга юстиция министрликтеринин кызматташуу программасы;

- Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун меморандуму жана 2025–2026-жылдарга иш-чаралар планы;

- Мамлекеттик башкаруу академияларынын кызматташуу жөнүндө меморандуму;

- 2025–2027-жылдарга маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;

- ИИМ менен Беларусь соттук экспертизалар боюнча мамлекеттик комитетинин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу;

- Баткен облусу менен Брест облусунун кызматташуусу жөнүндө макулдашуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн