Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ката кетирдим. Жаныбек Абиров акыркы жолу Жогорку Кеңештин трибунасынан кайрылуу жасады

05.04.2023 12:06
271
Ката кетирдим. Жаныбек Абиров акыркы жолу Жогорку Кеңештин трибунасынан кайрылуу жасады

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров  парламенттин жыйынына келип, трибунадан кесиптештерине, шайлоочуларына ыраазычылык билдирди. 

 

Ал бир жылдан ашык убакытта элдин түйшүгүн жеңилдете турган мыйзам долбоорлорун демилгелегенин айтты. Өзү 2017-жылдан бери саясатта экенин, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, кийин төрагасы болгонун эске салып, андагы тажрыйбасы Жогорку Кеңешке келүүгө түрткү болгонун белгиледи. 

 

Ал эми өзү катышкан мушташ үчүн жоопкерчилик сезип, Жогорку Кеңешти ыңгайсыз абалга калтырбай, мандатын тапшырууну туура көргөнүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн