Бүгүн, 14-февралда жаңы түзүлгөн Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу болуп Памир Муратов дайындалды. Аны жамаатка оорукананын мурдагы башкы дарыгери Сабырбек Жумабеков тааныштырды.
"Памир Муратовичти мен жакшы билем, иштешкенбиз, убагында өзүм чоңойтком бул кишини. Баары жакшы болот, иштешип кетебиз деген ойдомун. Мен ката кетирсем кечирип койгула. Мен коллективде калып иштей берем. Өзүмдүн иш бөлмөмдө бейтаптарды кабыл алууну улантам", — деген Жумабеков.
Пикирлер (1)