Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ката кетирсем, таарынтсам кечирим сурайм, - Алтынай Өмүрбекова

02.04.2020 10:13
1194
Ката кетирсем, таарынтсам кечирим сурайм,  - Алтынай Өмүрбекова


Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрлик кызматтан алынгандан кийин алгачкы билдирүүсүн жасады.  Ал фейсбуктагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылып, эмгегинин баасы жарандардын пикири, колдоосу экенин жазган.  


"Чын дилимден ар бириңердин жылуу сөзүңөргө, колдооңорго терең ыраазычылык билдирем!!! Мен үчүн менин эмгегимдин эң жогорку баасы - ар бир Кыргызстандын жаранынын пикири, колдоосу! Коомдук кызыкчылык, ар бир кыргызстандыктын бак-дөөлөтү, коопсуздугу - мен үчүн эң башкы баалуулук, максат.

Жашоомдо, элдик кызматта жүргөн убагымда да жолуккан ар бир инсанга таазим, терең ыраазычылык билдирем! Азыркы биздин мекенибиздин, бүткүл дүйнө жүзүнүн да башына түшкөн оор кырдаал - коронавирус, баштаган максаттарыма, пландарыма да өзгөртүүлөрдү киргизди. Ушундай кырдаалда өз эмгеги менен, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып биздин элибизге, ар бир муктаж адамга өзүнүн жардамын көрсөткөн ар бириңерге таазим! Силер бар, биздин мекенибиз, элибиз бар!

Өз ишимде катачылык кетирсем, ойлогон максаттарды толук кандуу ишке ашыра албай калсам, же бирөөнү таарынтсам, убагында жооп бербесем кечирим сурайм", - деп билдирүү калтырган Өмүрбекова. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн