Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Катар-2022: Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат

20.11.2022 16:21
581
Катар-2022: Бүгүн футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат

20-ноябрда 


Бүгүн, 20-ноябрда Катардын стадиондорунда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат.


Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи  Бишкек убактысы боюнча  21:00дө башталат. 


Салтанаттуу иш-чарага Болливуд жылдызы - Нора Фатехи жана хип-хоперлер - Black Eyed Peas, Lil Baby,  J Balvin, Shakira, Dua Lipa жана башка дүйнө жылдыздарынын катышуусу күтүлүүдө.


 Алгачкы оюн 22:00дө турнир ээси Катар менен Эквадордун ортосунда болот. Ал эми финалдык беттеш 18-декабрда Лусаил шаарында өтөт.


A тайпасы : Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланды.

B тайпасы : Англия, Иран, АКШ, Уэльс.

C тайпасы : Аргентина, Сауд Аравиясы, Мексика, Польша.

D тайпасы : Франция, Австралия, Дания, Тунис.

E тайпасы : Испания, Коста-Рика, Германия, Япония.

F тайпасы : Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия.

 G тайпасы: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун.

Группа H: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн