Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Катар-2022: Марокконун жеңишинен кийин Брюсселде тополоң чыкты

28.11.2022 15:23
604
Катар-2022: Марокконун жеңишинен кийин Брюсселде тополоң чыкты

Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Марокко Бельгияны утуп алгандан кийин, Бельгияда жашаган марокколук футбол күйөрмандары Брюссель шаарында баш аламандык уюштурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жеңишин майрамдап жаткан күйөрмандар, дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, унааларды оодарып, дөңгөлөктөрдү өрттөй башташкан. Бельгиянын желегин дагы өрттөгөнү жазылат.


Полиция аларды токтотууга аракет кылып, кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, атайын машиналар менен суу чачкан.


Тополоңдон улам, шаарда коомдук транспорт токтоп калган.


Бельгияда жарым миллионго жакын марокколук жашап, иштеп жүргөнү айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн