Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Катар Кыргызстандын туризм жана гидроэнергетиканы биргелешип өнүктүрүү сунушун карап чыгууга даяр

07.06.2023 12:20
245
Катар Кыргызстандын туризм жана гидроэнергетиканы биргелешип өнүктүрүү сунушун карап чыгууга даяр


Кыргызстандын гидроэнергетикага инвестиция салуу жана туризмди биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштары биз тараптан кылдат каралат. Бул тууралуу Бишкекте мамлекеттик сапар менен жүргөн Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамдагы жолугушуу учурунда билдирди.

Катардын эмири Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барганыңызда экономика боюнча кызыктуу сунуштарды айтканыңызды өзгөчө белгилегим келет. Биз мындан ары да мамилелерди чыңдай турганыбызга жана өкмөттөр деңгээлинде бизди кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташа аларбызга терең ишенем. Ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана өлкөлөрүбүздүн туристтик потенциалын биргелешип өнүктүрүү боюнча берилген сунуштарыңызды баса белгилегим келет. Бул демилгелерди биз кылдат карап чыгабыз”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн