Бугу 21, 2024
Убакыт: 16:33
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Катар Кыргызстанга жардам катары 420 кычкылтек концентраторун жиберет

06.07.2020 16:41
938
Катар Кыргызстанга жардам катары 420 кычкылтек концентраторун жиберет


Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы биргелешкен аракеттер талкууланды.

Катардын элчиси кыргыз тараптын өтүнүчүнө жооп катары гуманитардык жардам түрүндө 420 кычкылтек концентраторун берүү чечими кабыл алынгандыгын, алар жакын арада Бишкекке жеткириле тургандыгын билдирди.

Өз кезегинде Нуран Ниязалиев Катар өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-катар мамилелерин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн