Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:01
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Катар Кыргызстанга жардам катары 420 кычкылтек концентраторун жөнөттү

03.08.2020 14:12
974
Катар Кыргызстанга жардам катары 420 кычкылтек концентраторун жөнөттү


Бүгүн, 3-августта “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда, жакынкы чыгыштагы мамлекет Саламаттыкты сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Анын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.  


Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды. 


"Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек - коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,  - деди Б.Жангазиев.


Ал, кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн