Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Катар мамлекети жаңы окуу жылына чейин 13 билим уясын куруп берет

20.03.2020 17:53
785
Катар мамлекети жаңы окуу жылына чейин 13 билим уясын куруп берет


Катар мамлекети жаңы окуу жылына 9 мектеп, 2 бала бакча жана 2 IT лицей куруп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.


“20-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Катардын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды. Жолугушууда Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Катар элчилиги тарабынан 2020-жылдын август айына чейин курулушу бүтүп, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп бериле турган объекттер тууралуу маалымат берди. Учурда Катар элчилиги тарабынан Кыргызстанда 9 мектеп, 2 бала бакча жана 2 IT лицей курулуп жатат. 2020-жылдан акырына чейин дагы 4 мектепти куруу маселеси каралууда”, - деп айтылат аталган билдирүүдө.


Жолугушууда министр Кырызстандын билим берүү системасынын инфраструктурасын колдоп жаткандыгы үчүн Катар мамлекетине ыраазычылыгын билдирип, бул жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.


Мындан сырткары элчи мырза Катар мамлекети Кыргызстандын жарандары үчүн медицина, IT тармагы боюнча жогорку окуу жайлардан бюджеттик орундарды берүү жагын карап жатканын кабарлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн