Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 00:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Катар менен Кыргызстандын аскердик тармакта кызматташуусу талкууланды

12.02.2021 18:27
748
Катар менен Кыргызстандын аскердик тармакта кызматташуусу талкууланды

2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен Катар мамлекетинин Коргоо министрлигинин делегациясынын протоколдук жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Катар мамлекетинин Коргоо министрлигинин аскер окуу дирекциясынын төрагасы бригадалык генерал Джасим Ахмад Мухаммад Аль-Муханнади, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла Аль-Сулейни жана Катардын Коргоо министрлигинин улуттук коргоо жана кризиске жооп кылуу борборунун колбашчысы контр-адмирал Абдулла Аль-Бордайни аскер жаатындагы аскердик кызматташуу боюнча Макулдашуусунун долбоорун макулдашуу максатында Бишкек шаарына келишти.


Ушул эле күнү КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн Катар делегацисы менен жумушчу жолугушуусу өттү. Анын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланып, Катар мамлекетинин аскер-окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо жана тоо шарттарында күжүрмөн даярдык боюнча биргелешкен иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкууга алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн