Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 11:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Катар өлкөсү 29 балага акысыз операция жасоого жардам берет

14.06.2021 18:55
723
Катар өлкөсү 29 балага акысыз операция жасоого жардам берет


Бүгүн, 14-июнда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кыргызстандык 29 бала үчүн акысыз операция жасоого байланыштуу маселени талкуулашты. Операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катар жана кыргыз адистери тарабынан жасалат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти операция – кохлеардык имплантация жасоо үчүн 23-июнда Катардан 3 жогорку квалификациялуу адистер келерин белгиледи. “Операцияга, андан тышкары, кохлеардык имплантацияга байланыштуу бардык чыгымдар катар тараптан каржыланат”, - деди элчи.

Саламаттык сактоо министри Катар өкмөтүнүн колдоосуна ыраазычылык айтып, угуусу начар балдарга операцияны ийгиликтүү жасоо үчүн талап кылынган бардык зарыл иш-чараларды уюштура турганын билдирди.

Маалымат үчүн: Катар мамлекети жалпысынан балдар үчун 150 кохлеардык имплант бөлөт. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчулүгү каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн