Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Катар өлкөсү Бишкектеги 4-ооруканага кошумча имарат куруп берет

26.02.2021 16:12
578
Катар өлкөсү Бишкектеги 4-ооруканага кошумча имарат куруп берет

Катар мамлекети Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кошумча имарат куруп берет. Бул тууралуу Катардын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, Катар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, жаңы медициналык мекемелерге инвестиция кылуу жана кызмат көрсөтүү боюнча кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан аракеттерге катышууга кызыкдар. Катар мамлекетинин өкмөтү Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаңы имарат куруу долбоорун жактырды.

Элчилик бул долбоор Катар мамлекетинин Кыргызстандагы эң ири долбоорлорунун бири болуп, эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө оң негиз болуп берет деп ишенет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн