Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:22
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргызстандык келди

14.05.2020 10:48
900
Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргызстандык келди


Бишкеке Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен 107 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Эль-Кувейт – Доха – Бишкек” чартердик каттамы менен кайтып келген адамдардын баары обсервацияга жөнөтүлдү. Алар тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин үй карантинине чыгарылышы мүмкүн.

 

Ошондой эле аталган каттамда Казакстандын 31 жараны кошо келип, аларды казак тарап атайын автобус менен алып кеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн