Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Катардагы бажы кызматкери Нурбек Айтмаматов кантип баштан ашкан байлык топтогон?

10.03.2021 10:38
851
Катардагы бажы кызматкери Нурбек Айтмаматов кантип баштан ашкан байлык топтогон?


Бажы тармагында узак жылдар иштеп, Атамбаевдин доорунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн Райымбек Матраимовдун байлыктары тууралуу көптөгөн журналисттик иликтөөлөр жасалды. Бирок, ошол эле убакта бажы тармагында иштеген башка дагы ашынган байлар бар экенине анчейин көңүл бурулбай келди. Ошол стеоротипти бузуп, Kaktus.media сайты бажы кызматында 2002-жылдан бери иштеп келаткан Нурбек Айтмаматовдун байлыктары тууралуу өз иликтөөсүн жарыялады. Азыркы тапта Түштүк-батыш бажысынын начальниги болуп турган Айтмаматов мамлекеттик кызматта туруп, карапайым кыргызстандыктардын түшүнө да кирбеген байлыкка ээ болуп калган экен. 


Нурбек Айтмаматовдун өмүрлүкк жары Чынара Матанова 1983-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Ага «НТС трейд» ЖЧКсы (турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу) катталган экен. Мурдагы аялы Айдана Ходжашевага эч кандай фирма катталган эмес.


Нурбек Айтмаматов жалпысынан жети баланын атасы. 2003-жылкы уулу Айдар жана 2001-жылкы уулу Нуржигит социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга таянсак АКШда окушат. Калган бешөө Кыргызстанда.


Айтмаматовдун апасы 64 жаштагы Канымбү Кулбаева «Капитал Строй Инвест» ЖЧКсы, «Роял Констракшн» ЖЧКсы, «Роял Текстиль» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, «Ош-Коммунальщик» ААКсы, «Коммунтехсервис и К» ЖЧКсынын директору болуп саналат.


«Роял Констракшн» жана «Капитал Строй Инвест» компанияларынын расмий баракчасында учурдагы бажы кызматкери Айтмаматовдун сүрөт компаниянын башка негиздөөчүлөрү менен катар коюлган. Ал эми формалдуу түрдөгү негиздөөчү Канымбү Кулбаеванын сүрөтү жок.


Айтмаматовдун үч кыз бир туугандары бар – Нургуль, Венера жана Нуркан. Апасына жана ушул бир туугандарына жалпы баасы 1,5 миллион доллар дан аша турган 12 батир жана жалпы баасы болжолдуу түрдө миллион доллар турган автоунаалар катталган. Негизинен бардык автоунаалар Нуркан Айтмаматовага катталган экен.


Булардан сырткары, алардын үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынын Лермантова көчөсүндөгү төрт кабаттуу кийим тигүүчү цех тиешелүү.


Нурбек Айтмаматов бажы кызматына 2002-жылы Ош бажысынын «Кара-Мык» бажы постуна инспектор болуп ишке орношуу менен келген. Андан кийин улам Оштогу, Жалал-Абаддагы, Нарындагы бажы постторуна которулуп иштеген. 2021-жылдын 8-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын начальниги болуп дайындалган.


Kaktus.mediaнын божомолунда ал Райымбек Матраимовдун өтө жакын адамдарынын катарына кириши мүмкүн. Ошондон улам ал бажыдагы көмүскө схеманын негизги ролун ишке ашырып келген болушу мүмкүнбү деген суроо жаралат. Болбосо белгилүү ишкер болбой туруп эле ал жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мындай ири суммадагы байлыкка кайдан ээ болуп калышты? Катардагы мамлекеттик кызматкердин расмий кирешеси ушунчалык байлык топтоого мүмкүнчүлүк береби? Же Матраимовдун айрым мүлктөрү ага да катталганбы? Ушул көрүнүш да тиешелүү укук коргоо органдарын кызыктыра турган жагдай экен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн