Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Катардагы медициналык беткап COVID-19 вирусунан коргобойт, - дарыгер

15.04.2020 09:37
976
Катардагы медициналык беткап COVID-19 вирусунан коргобойт, - дарыгер


Катардагы медициналык беткап коронавирус илдетинен коргобойт, ал ооруп жаткан адамдын зыяндуулугун азайтат. Бул тууралуу Нью-Йорк бейтапканасынын дарыгери Марлен Каплан чет элдик басылмалардын бирине билдирген.


Маалыматка ылайык, Нью-Йорк штаты учурда АКШдагы эпидемиянын борбору болууда. Ал аймакта дүйшөмбү күнгө карата каза болгондор 10 миңден ашкан.


“Дарыгерлерге илдетти жуктуруп албоо үчүн жардам берүүчү беткап бул №95 беткап. Ошондой эле көздү да бир нерсе менен жабуу керек, анткени вирус көз аркылуу тамчы болуп кирип кетүүсү мүмкүн.


Элдер тагынып жүргөн катардагы беткаптар идеалдуу эмес. Эгерде коронавирус менен ооруган адам менен лифтке бир чыгып калса жана ал жөтөлүп же чүчкүрсө, катардагы медициналык беткаптар коргобойт. Эгерде сиз №95 беткап менен болсоңуз, сиз вирустарды дем албайсыз, анткени №95 аларды өткөрбөйт”, - деген Каплан.


Дарыгер ага карабастан дүкөнгө же дарыканага чыкканда беткап тагуу зарыл экенин айткан.


“Катардагы беткап жаныңыздагы адамдын чүчкүрүп же жөтөлгөнүнөн сактабайт. Бирок сиз жөтөлүп же чүчкүрсөңүз сиздин шилекейиңиздин көпчүлүгү беткаптын ичинде калат. Беткапты тагуу менен сиз башкаларды коргойсуз”, - деген Марлен Каплан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн