Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Каткан мал-мүлкүн ачыктагандарга мамлекет кандай кепилдиктерди берет?

21.02.2024 10:49
152
Каткан мал-мүлкүн ачыктагандарга мамлекет кандай кепилдиктерди берет?


Экономика жана коммерция министрлиги мунапыс мыйзамынын негизинде мүлкүн легалдаштырган жарандарга кандай кепилдиктер берилери туурасында маалымат берди.


Эгер кимде-ким байлыгын ачыктаса мамлекет төмөнкүлөрдү убадалайт:

- декларациялоо учурунда активдерди сатып алуу, пайданалуу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөргө тыюу салынат;

- ачыктаган мүлкүн каттоого алуу учурунда эски салыктык карыздарын төлөө талап кылынбайт;

- декларацияда камтылган маалыматтар кандай болбосун кылмыш ишин козгоого, салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жол берилбейт;

- декларант катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт;

- байлыгын каяктан, кантип топтогону жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат;

- атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылбайт.


Белгилей кетсек, декларацияланып жаткан активдери кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшүндө турган болсо кепилдиктер берилбейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн