Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Катуу сабалган 15 жаштагы кыз каза болуп, шектүү катары атасы кармалды

07.07.2020 15:21
1373
Катуу сабалган 15 жаштагы кыз каза болуп, шектүү катары атасы кармалды


Борбор калаада 15 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип атасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-июль күнү шаардагы кичи райондордун биринде жаш кыз дем албай жатканы жөнүндө милицияга билдирүү келип түшкөн.


Окуя болгон жерге барганда 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз катуу сабалып, дем ала албай жатканы аныкталган. Жабырлануучу денесине келтирилген залалдан улам каза тапкан. Шектүү катары кыздын 1971-жылы туулган Б.С. аттуу атасы кармалган.


Аталган факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульнара Эсенаманова
Бечара кыз, анча эмнеге сабады экен, ушундай да ата болобу, апасы кайда?