Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Катуу шамалдан Нарында жана Ысык-Көлдө турак үйлөр жабыркады

11.04.2020 09:09
1201
Катуу шамалдан Нарында жана Ысык-Көлдө турак үйлөр жабыркады


8-апрелде катталган катуу шамалдан Нарын жана Ысык-Көл облустарында турак үйлөр жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Нарын облусунда 23-25 метрге жеткен катуу шамал катталып, Ат-Башы районунда 68 турак  үйдүн чатыры зыянга учураган, анын ичинен 28 турак үйдүн 415 даана шифери, ал эми, 40 турак үйдүн 426 даана темир профнастили жараксыз болуп калган.

   

Мындан сырткары, 2 социалдык объектинин 156 даана шифери, 6 даана темир профнастили жана чарбалык курулуштун 83 объектисинде 529 даана шифери, 652 даана темир профнастили зыянга учураган.


Ал эми, Ысык-Көл облусунунда ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен катуу шамал катталып, Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок жана Көк-Мойнок-1 айылында жайгашкан 1 ФАП жана 5 турак үйдүн чатырларын шамал учурган.


Ошондой эле, Балыкчы шаарында 8 социалдык объектинин жана  6 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн