Ийгилик жаратыш үчүн адегенде максатты тактап алган туура. Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн дагы анын кайсыл жол менен, кандай багытта өнүгө турганы анализделип, такталып алса гана өнүгүү болот. Көз карандысыздыктын эки тизгин, бир чылбыры өз колубузга тийип, суверендүү өлкө болгонубузга быйыл туура 30 жыл толот. Бирок, ушул күнгө чейин өзүбүздү өзүбүз өнүктүрө турган жолду таба элекпиз. Алдыга кадам таштап баратабызбы, же артка шыпырылып баратабызбы…, башыбыз маң.
Өзүбүздү өзүбүз «Улуу элдин урпактарыбыз» деп оозеки мактап коебуз. Ырас, улуу элдин урпактары экенибиз ырас. Бирок, азыркы тапта ошол «улуу эл» боло албай, ата-бабаларыбыздын атына да, затына да төп келбей жатканыбыз өкүнүчтүү болуп турат. Океандай чалкыган «Манас» эпосубуз бар туруп, элибиздин руханий дүйнөсү жардыланды. «Кумтөр» сыяктуу алтынга толгон кен байлыктарыбыз бар туруп, өлкө экономикасы алсыз, элибиз жакыр. Суунун башында туруп, сугат сууларга да, ичүүчү таза сууларга да таңсык болуп турабыз.
Эгерде биз өнүгүүнүн туура жолуна түшкөн болгонубузда, өлкөбүздө кайра-кайра элдик толкундоолор, революциялар болбойт эле. Бийликтин үч ирет элдик толкундоолордун натыйжасында алмашуусу – бул мамлекетибиздин жалпы элди ынандыра алган туура багытты али таба электигинин белгиси. Демек, азырынча биз «Улуу элбиз» деп мактана тургандай абалда эмеспиз. Өз ара чабыша берген, бири-бирин сыйлабаган, бири-биринин сөзүн укпаган, ар кимиси өзүн кыйын сезе берген эл болуп турабыз. Мисалы, бир үй-бүлөдө атасын баласы, энесин кызы укпаса, эрди-катын бири-бирин сыйлабай, күнүнө үйүндө жаңжал болуп турса, ал үй-бүлөнү кошуналары сыйлайбы? Ал үй-бүлөнүн мүчөлөрү канчалык кайкалап басып, өздөрүн «биз кыйынбыз» дегилери келсе да, кошуналары ишенеби? Жөн гана ичтеринен күлүп, «ары жоктор» деп коет эмеспи. Ошол сыяктуу эле өзүбүз менен өзүбүз чабышып, бийлик, мансап гана талашып отуруп, жадакалса кошуна мамлекеттердин да сыйынан ажырадык. Аларга биздин бир кезектеги улуу эл экенибиз эмес, азыркы учурдагы кейиштүү кебетебиз гана көрүнүп турат. Ошондон улам кааласа чек араларын жаап салат, кааласа өзүбүздүн сууга өзүбүздү ээ кылбай талаша алат. Ошондуктан ата-бабаларыбыз «Өзүн сыйлабасты, өзгөлөр да сыйлабайт» деп айтып коюшкан да.
Бир кездердеги кадыр-баркыбызды кайра кайтарып, чапырашты жашообузду түздөп, өнүккөн өлкөнү кургубуз келсе, анда биринчи кезекте алган багытыбызды, койгон максатыбызды аныктап алышыбыз керек. Сөз жүзүндө эле «Улуттук идеология керек» дей бербестен, ошол нерсенин иш жүзүндө жасалышына өтүү учурдун талабы. Жаңы Конституцияга ылайык, Мамлекеттик катчы институту кайра түзүлүп, ал кызматка жазуучу Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Мына ушул институт мамлекеттик, улуттук идеология жаатында иш алып барат. Ч. Абыкеев бул кызматка дайындалгандан кийин маалымат булактарына «Президент Башмыйзамдын ичиндеги багыттары жөнүндөгү сөзүндө мамлекеттик катчы толугу менен идеологиялык ишти алып барат деп түз көрсөтмө берген. Маданият, руханий багыттарыбыз, улуттук нарк-салтыбыздын калыбына келип сакталышы сыяктуу иштер мамлекеттик катчынын түздөн-түз иши болуп саналат. Мамлекеттик идеологиянын жүрүшү буга чейин маданият тармагында иштеген адамдардын милдетиндей гана болуп келсе, мындан ары андай болбойт. Кайсы министрлик, мекеме болбосун мамлекеттик идеология бир сызыкта жүрүш керек», - деп билдирди.
Туура, мамлекеттик идеология бир сызыкта жүрүшү керек. Бирок, ал кантип жүрөт? Ушул суроонун жообун Мамлекеттик катчы институту жакынкы арада коомчулукка жалпак тил менен түшүндүрүп коюшу зарыл. Анан мамлекетибиздин алган багыты кандай, максаты кандай экени да элге түшүнүктүү болушу шарт.
Мамлекеттик идеология бийликтин бардык бутактарында бирдей жүрүп, бирдей нукту кармай алабы? Мамлекеттик идеология дегенде эле күпүлдөтүп Манас айттырып, төкмөлөрдү айтыштырып, же бир белгилүү инсандын мааракесин чоң той өткөрүп белгилеп коюу менен чектелиш керекпи? Эгерде ушул эле иш-аракеттер жетиштүү болсо, анда биз мамлекеттик идеологияны жакшы эле жүргүзүп келаткан болот элек. Демек, аш-тойлорду эле өткөрүп коюу менен мамлекеттик идеология ишке ашпайт.
Ч. Абыкеев өзү айткандай, кайсы министрлик, мекеме болбосун мамлекеттик идеология бир сызыкта жүрүш керек. Албетте, ар бир министрликтин өзүнүн тармагы боюнча идеология ырааттуу жүрүп турганы керек. Мамлекеттик идеология саламаттыкты сактоо министрлигинде, айыл чарба министрлигинде, транспорт министрлигинде, жана башкаларда кандай жүрөт? Ар бир министрлик, ведомстволор мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн алдына кандай кыска мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү пландарды коюшу керек? Мисалы, Кыргызстан өзүн-өзү ун менен ашып кетсе 40% камсыздай турганы белгилүү. Калганын сырттан сатып алабыз, көбүнесе Казакстандан. Быйыл кургакчылыктан улам Казакстандын талааларында да түшүм жылдагыдай болбой калары белгилүү болуп турат. Демек, коңшулаш өлкө быйыл жылдагыдай Кыргызстанга ун азыктарын сата албай калышы мүмкүн. Ошондо Кыргызстан өзү өндүргөндөн тышкары керектелчү ун азыктарын кайдан алат? Мына ушул суроонун арты менен Кыргызстан күнүмдүк тиричиликте көп колдонулуучу азык-түлүктөрдү жок эле дегенде 70%ка өзү өндүрө тургандай планды коюш керек. Бул айыл-чарба министрлигинин милдети.
Ушул сыяктуу пландар, максаттар ар бир министрликтин алдына коюлушу шарт. Ал эми анын баарын бир сызыкка салып, идея, демилгелерди берип, жол көрсөтүп тура турган – бул Мамлекеттик катчы институту болот. Бул институт К. Бакиевдин доорунда жоюлуп кетип, арадан 12 жыл өткөн соң кайра түзүлүп отурат. Түзүлгөнү туура болду, болгону Акаев, Бакиевдин убагындагыдай жөн эле аты бар, бирок мамлекеттик идеологияны тыңдап жүргүзө албаган институт болуп калбашы керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн