Өздөрүн пиарлап бүтпөй койду. Мындай пикирин бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери камера үчүн гана иштеп жатат.
"Ош шаарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат. Катуу суукка байланыштуу көмүрдүн баасы 12 сомго чыкты. Муну караган эч ким жок. Мэриянын кызматкерлери кайда барса камера менен барып, өздөрүн пиарлап гана жүрөт. Эч бир маселе чечилбей жатат",- деди депутат.
Осмонов мындан сырткары, Ош шаарындагы рэкеттердин мушташы боюнча чара көрүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн