Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 215 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-октябрдагы брифингде билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында - 17
- Ош шаарында - 19
- Чүй облусунда – 23
- Ош облусунда - 41
- Талас облусунда - 1
- Нарын облусунда - 1
- Ысык-Көл облусунда – 10
- Жалал-Абад облусунда – 40
- Баткен облусунда - 63
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 47056ны түздү.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 154 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 43 137.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн