Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 8 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.
Боршайкомдон билдиришкендей, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.
Биринчи май округу боюнча:
1. Сартаев Анвар Айдарович;
2. Токтакунов Нурбек Акбарович;
3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Свердлов округу боюнча:
1. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
2. Жолдошова Назгүл Амантуровна;
3. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
4. Алмамбетова Гуля Идиновна.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн