Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн (АСУ) маалыматы жарыяланды. Ага ылайык, Биринчи май округу боюнча Эльвира Сурабалдиева — 46,09%, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,28% алдыга чыкты.
Пикирлер (1)