Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кайрадан карантин киргизилсе кыргызстандыктар көтөрө алабы?

17.03.2021 10:58
1592
Кайрадан карантин киргизилсе кыргызстандыктар көтөрө алабы?


Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде коронавирус пандемиясынан коргонуу максатында катаалдатылган карантиндик чаралар киргизиле баштаганы белгилүү. Эгерде оорунун жаңы катталган учурлары өсө баштаганы билинсе, анда Кыргызстанда да кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат булактарынын бирине берген маегинде билдирди. «Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бул жакта калат. Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда, карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз», - деди ал.


Ырасында эле, Европанын бир катар өлкөлөрүн коронавирустун үчнчү толкуну каптай баштады. Австриянын саламаттыкты сактоо министри Рудольф Аншобер жаъы толкун башталганын жарыялады. Италия, Германия, Францияда да кырдаал начарлай баштады. Польша, Венгрия, Чехияда да акыркы күндөрдө жаңы учурлардын катталуусу рекорддук көрсөткүчкө жетип жатканы айтылууда.


Коронавирус өткөн жылдын башында адегенде бүтүндөй Европа мамлекеттерин аралай чаап келип, андан кийин гана Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кирип келгенин эске алганда, жаңы толкун да кооптуу. Андыктан биринчи толкунда кетирген катачылыктарды бул ирет кайталабаганга аракет жасоо зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги коюп жаткан талаптарды (бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, киши көп чогулган жерлерге барбоо, антисептиктерди пайдалануу, колду таза жуу жана башка) так аткаруу милдет.


Ошол эле убакта кыргыз өкмөтү дагы өздөрүнүн эл алдындагы милдеттерин так аткарууга даярдыктарды көрүшү керек. Биринчи кезекте медицина кызматкерлерине керектүү болгон коргонуучу жеке каражаттарды камсыздоо зарыл. Дары-дармектердин запасын толтуруу, дарылоонун алгоритмин иштеп чыгуу, ооруканаларда орундардын жетиштүү болушун камсыздоо шарт. Өткөн жылдагыдай ооруканалардын оозунда кире албай калгандар болбошу маанилүү. Койко-орундуктарда жатып, эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн оо дүйнө узап кеткендер болбошу керек.


Ал эми кайрадан карантиндик чектөөлөрдүн киргизилиши үчүн, адегенде карапайым элдин үйүндө ачка отуруп калбай тургандай шарттарын түзгөндү ойлонолу. Өткөн жылдагы карантиндик чектөөлөрдө карапайым элдин аздыр-көптүр жыйнап жүргөн запастагы каражаттары бар эле. Ырас, анда да күнүмдүк оокатын күнүгө тапкандар үчүн өтө кыйын болгон. Бирок, ошентсе да азыркыга салыштырмалуу элдин колунда каражаты бар эле. Бүгүнкү күндө элдин колунда эч кандай ашыкча каражаты жок. Алтургай көпчүлүгү карызга белчесинен батып отурат. Кымбатчылык алкымдан алып, үйүндө эки айдан бери эт жебей калгандар бар. Андыктан бул жолу элди үйүнө бир айлап, же эки айлап камап коюу кыйындыкка турат. Бала-чакасы ачка отурса, аларды карап турган ата-эне үйүндө тынч отура алабы? Андыктан эгерде пандемиянын үчүнчү толкуну чындап эле келе турган болсо, анда карапайым элди ачка калтырбастан кантип үйүнө отургузуунун да планын эмитеден түзүү зарыл.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн