Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кайрадан өтө турган шайлоого байланыштуу республикалык штаб бир нече талаптарды койду (тизме)

02.07.2021 15:29
814
Кайрадан өтө турган шайлоого байланыштуу республикалык штаб бир нече талаптарды койду (тизме)

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттык шайлоону кайра уюштуруу жана өткөрүү алкагында, COVID-19 вирусунан калкты коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм түзүлдү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.



  - Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан Шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоону камсыздоо;

  - Ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин идентификация жабдуусун дезинфекциялоо;

  - Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер же башка каражат орнотууну, ошондой эле жоопкер адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;

  - Беткапты, колкапты жана башка жеке коргонуу каражаттарын Шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;

  - Адамдар арасында физикалык аралыкты сактоо - 1-1,5 метрден кем эмес;  

- Шайлоо участогунда шайлоочулардын беткап тагынуусу абзел;

  - Эмеректин жана техникалык жабдуунун бири-биринен 1-1,5 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн