Бишкек шаардык кеңешине кайрадан өтүп жаткан шайлоого жаңыдан катышып жаткан партиялардын шайлоого катышуусу мыйзамга каршы келет. Бул тууралуу "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, кайрадан өтө турган шайлоого кошулган "Биздин Кыргызстан", "Келечек-Будущее", "Столица", "Туран", "Сила в единстве", "Жаңы-Мезгил" жана "Өнүгүү-Прогресс" партияларынын 11-июлда өтө турган шайлоого катышуусу мыйзамга каршы келет.
Бул боюнча Бишкек шаары боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы 24.кг агенттигине аталган арыз караларын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн