Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кайрат Осмоналиев: Марат Казакпаевдин чыккынчылыкка күнөөлүү экенине күмөнүм бар

17.04.2021 13:22
1849
Кайрат Осмоналиев: Марат Казакпаевдин чыккынчылыкка күнөөлүү экенине күмөнүм бар


Марат Казакпаевдин кармалышы боюнча иш жашыруун болуп жаткандыктан ага тагылган “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесинин кылмыш белгилери бар же жок экенин так айта албайм, деп билдирди саясат таануучу, юридикалык илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Ал белгилегендей, бир жагынан УКМК – чалгынчы кызматтарга жардам берген башка мамлекеттердин жана өз жарандарынын тыңчылык ишмердүүлүгүнө тыюу салууга милдеттүү болгон компетенттүү орган. Мыйзамда дагы ошондой жазылган.


“Антпесе мамлекеттин коопсуздугун кантип камсыз кылат? Жеке мен Марат Казакпаевдин бул кылмышка тиешеси бар экенинен күмөнүм бар, себеби анын мамлекеттик сырды алууга тиешелүү болгон кызматтарда, мамлекеттик органдарда иштеген эмес”, - деп белгиледи Кайрат Осмоналиев.


Ал М.Казакпаевди ушул иш боюнча соттоого мүмкүн эмес, деген пикирде. - Себеби ал Кыргызстанга эч качан душмандык мамиле кылган эмес.


Юристтин түшүндүрмөсү боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 307-беренесине ылайык, бул берене боюнча, мамлекеттик же аскердик сырды берүүдөн тышкары, мамлекеттин тышкы коопсуздугуна залал келтирген чет өлкөлүк мамлекетке же чет өлкөлүк уюмга жардам көрсөтүүчү башка иштер боюнча да жазага тартылат.

“Ушундай кеңири түшүнүктөр бар, ал негизсиз ойлоо тобокелчилигин жаратат. Ошондуктан аны жоопкерчиликке тартыш үчүн төгүнгө чыгарылгыс далилдер керек. Азырынча биз ал тууралуу эч нерсе биле элекпиз”, - деп кошумчалады саясат таануучу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн