Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 21:53
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кайрат Примбердиев: Менин жана үй-бүлөмдүн жашоосу коркунучта (Видео)

15.01.2021 15:17
1376
Кайрат Примбердиев: Менин жана үй-бүлөмдүн жашоосу коркунучта (Видео)


Акыркы кезде аты чуулгандуу берүүгө байланышкан Кайрат Примбердиев элге кайрылуу жасады. 


Примбердиев сыйлык маселесине токтолуп, анын сыйлыктарын министрлик жана министр жеке өз укугу менен алып койо албай турганын айткан.


"Мен бул кайрылууну жасабай эле койоюн дедим эле. Бирок социалдык тармактардагы ар кандай билдирүүлөрдөн улам кайрылуу жасоого мажбур болдум. Мессенджерлер аркылуу мага ар кандай коркутуулар, өлтүрүп кетем, асып кетем, атып кетем деген үркүтүүлөр болуп жатат. Мен жана үй-бүлөмдүн жашоосуна коркунуч жаралды. Министр бул маселени башка жол менен чечсе болмок. Биз кечирим сурадык. Жакшылыкты жайып, жаманды жашыралы",- деди Примбердиев.

 Мындан сырткары ал аны колдогон маданият кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн