Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кайрылып келип камчынын учу Кыргызстандын башына тийип жатат, - Досбол Нур уулу

29.04.2021 15:55
3559
Кайрылып келип камчынын учу Кыргызстандын башына тийип жатат, - Досбол Нур уулу

Тарых илимдеринин доктору, чек ара маселелери боюнча эксперт Досбол Нур уулу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип, чек ара боюнча жумушчу топтун алешемдик иштерин жана өкмөт башчынын жаңылыш жасаган билдирүүсүн сынга алды.

 

- Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бийлик жетекчилеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин бул маселенин чечилишине жакындап калгандай таасир берип жаткан. Бирок бүгүнкү күндө абал чыңалууда. Буга эмне себеп деп ойлойсуз? Сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп жатабы же кандай?

 

- Чек ара бул - мамлекеттин эң негизги маселелеринин бири болуп эсептелинет. Камчыбек Кыдыршаевич баштаган жумушчу топ бул маселелерди мурдагы документтердин эсебинен тыкыр, дыкаттык менен карап, күнгөй-тескейин көмүскөдө иликтеш керек болчу жана жумуш аяктай электе алдын ала ачыкка чыгарбаш керек эле. Тажик тарап менен кыргыз тараптын комиссиялары адегенде консенсуска келип, бир чечим кабыл алгандан кийин гана коомчулукка билдирсе болмок. Бизде болсо чала-чапкыт сүйлөшүүлөр жүргөн сайын эле элге ачык жарыялап жиберип атты, кайра кайрылып келип эле камчынын учу Кыргызстандын башына тийип жатат. Албетте, жумушчу топтун иши абдан татаал, консенсуска келүү андан да кыйын. Көрүп жатасыздар, керек болсо бир айылдын маселесин чече албаган мамлекет жалпы Кыргызстандын маселесин кантип чечет, мага бүдөмүк болуп атат. Албетте, буга президент дагы көңүл буруп жатат. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары ортосундагы мамиледен келип жыйынтык чыгат. Ага жумушчу топ документтерди кылдаттык менен даярдап бериши керек. Андыктан, алдын ала элдин башын айландыруунун кереги жок болчу. Азыр Тажикстандын айылы дагы, Кыргызстандын айылы дагы бирине бири каршы туруп калды. Абалдын басаңдап барып, кайра күчөп кеткени – жетекчиликтин туура эмес иш алып барганыдыгы деп ойлойм. Менин туугандарым да айтып жатат: “Эмне үчүн суу башы Тажикстанга карайт деп билдирди. Андай болсо далилдеп берсин” деп. Бул олдоксондук. Мамлекеттин башында тургандар мындайга жол бербеш керек.


- Ооба, эки мамлекеттин чектешкен аймагындагы “Головной” каналы боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун жаңылыш айтып алган билдирүүсү бул окуялардын келип чыгышына себепчи болуп жатат, деген пикирлер айтылды.


- “Головной” каналы боюнча өкмөт башчынын жаңылыш айтып алганы албетте өкүнүчтүү нерсе. Ал киши региондорду жакшы билбей жаткандыгынан болуп атса керек. Азыркы премьерди аппаратка такшалган жетекчи катары баалайм. Бирок, бийликтин башында турган адамдар ар бир сөзүн тогуз жолу толгонуп, токсон тогуз жолу толгонуп туруп айтыш керек. Өлкө башында тургандардын ар бир сөзү мамлекеттин эсебинен айтылган сөз болуп эсептелет. Улукбек Мариповдун жаңылыштыгы албетте өкүнүчтүү нерсе. Анын билдирүүсү дагы буга себеп болуп, кошуна өлкөлөрдүн канын кызытып, “Головной” биздики, өкмөт башчыңар айтпадыбы деп, видео байкоолорду орнотуп талашууга жана чыр чыгарууга жол ачып жатат. Жетекчилердин мындай калпыс сүйлөп алгандыгынан болуп жатканы өтө өкүнүчтүү.

 

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Мырзакматов Мелис окмотко жарамак