Илимпоздордун айтымында, дени сак көз бизге айлана-чөйрөнү таанууга жардам берет. Бул эле эмес, адистер жашоодогу маалыматтын 70%ын адам көрүү органы аркылуу кабыл аларын да далилдешкен. Ал эми көрүү процессинин жакшы жүрүүсү үчүн жашылча жана жер-жемиштердин өзгөчө пайдалуу экени маалым.
Ашкабак. Ашкабак курамында каротин көп кездешкен жашылча. Таасири күчтүүрөк болсун үчүн аны тамакка кошуп жей берсе болот. Аталган жашылчаны сүйбөсөңүз, семичкесин чаксаңыз болот. Мисалы: ашкабакты пюре, шорпо, салат катары даярдап кабыл алуу натыйжалуурак келет.
Кызылча. Кызылчанын курамында көз үчүн пайдалуу болгон цинк элементи бар. Ошон үчүн бул дагы көздүн көрүүсү үчүн жакшы азык болуп саналат. Андан сырткары, кызылчадан салат жасап, ага болгар калемпирин, сабиз, цитрус жемиштеринин ширесин жана оливка майын кошуп жеген натыйжалуу.
Сабиз. Бул жашылчанын курамы каротинге абдан бай келет. Ошон үчүн сабиз көрүүнү жакшыртуучу жана "күүгүм сокуру" (куриная слепота) оорусун айыктыруучу дараметке ээ. Каротин организмге жакшы сиңиши жана таасирдүү болушу үчүн жаңы сабизди туурап, суумай же каймакмай менен аралаштырып жеген жакшы. Сабизден жасалган шире суусундугу да абдан пайдалуу.
Итмурун. Итмурун С витаминин камтыган, деги эле витаминге бай өсүмдүктөрдүн бири. Ошон үчүн аны күн сайын демделген чай катары ичсеңиз, сиз көзүңүздүн кан тамырларын бекемдеген болосуз. Ошон үчүн итмурун чайы менен кара карагаттын киселин айкалыштырып ичүүнү адатка айлантып алыңыз. Анткени, кара карагатта дагы дени сак көз үчүн өзгөчө пайда берүүчү каражаттар бар.
Петрушка. Адистер кадимки эле петрушканын ширесин сыгып ичүү көз менен байланыштуу ооруларды жоёт деп айтышат. Себеби, курамы пайдалуу азыктарга бай аталган чөп көрүүнү курчутуучу жана кан тамырларды бекемдөөчү сапатка ээ. Петрушка күчтүү каражат болгон үчүн муну күнүнө бир аш кашыктан гана 3-4 жолу ичип туруу жетиштүү.
Кайсы азыктар көздүн көрүүсүн жакшыртат?
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн