Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кайсы бир топтун бийлик кызыкчылыгы үчүн мамлекеттүүлүктү садага чаппайлы!

14.10.2020 09:46
596
Кайсы бир топтун бийлик кызыкчылыгы үчүн мамлекеттүүлүктү садага чаппайлы!


5-октябрдын кечинде башталып, Ак үйдү басып алуу менен аяктаган тополоңдун натыйжасы кандай болгонун жалпыбыз көрүп турабыз. Айрым Европа мамлекеттеринин маалымат каражаттары Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында турат деп да жазганга үлгүрүштү. Өлкө ичинде бийлик талашкандар бир нече топко бөлүндү. Мамлекеттик жогорку кызматтарды өздөрү билип эле басып алуулар болду. Бир сөз менен айтканда дүйнө коомчулугунун алдында биз өзүбүздү акыл-эске тололек, цивилдүү коомду куралек жапайы адамдардай көрсөттүк. 


Бактыга жараша, акыркы 2-3 күндөн бери карай өлкөбүз акырындык менен кайрадан укуктук талаага түшүү жолуна өттү. Кырчылдаша бергенден пайда чыкпашын түшүндүк. Бийликти мыйзамсыз жол менен, күчкө салып ээлеп алуунун да арты жакшы болбосун билдик. Өзүңдү өзүң «падышамын» деп жарыялап койгон күндө да, сени эл аралык коомчулук, чет мамлекеттер тааныбай койсо шерменде эле болоруң билинди. 


Ошондон улам өлкөбүздү кайрадан толугу менен укуктук талаага кайтарып, Конституциялык нукка салуу үчүн жаңы өкмөттүн курамын бекитүү зарыл болуп турат. Бул багытта мамлекет башчысы өзүнүн болгон аракетин жумшоодо. Буга чейин Жогорку Кеңеш өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровду бекиткени белгилүү болгон. Бирок, ал жыйында «кворум болгон эмес, андыктан С. Жапаровдун өкмөтү легитимсиз» деген пикирлер көп айтылды. Буга байланыштуу мамлекет башчысы С. Жээнбеков Жогорку Кеңештин бул токтомун кайра кароо үчүн аркага кайтарган. 


Ушундан кийин С. Жапаровдун айрым тарапташтары элди кайрадан митингге чыгууга үндөй баштады. Эмне үчүн? С. Жапаровдун өкмөтүн шексиз легитимдүү кылуу аракети үчүнбү? Эгерде мамлекет башчысы С. Жээнбеков С. Жапаровду өкмөт башчысы катары Жогорку Кеңеш бекиткен токтомду легитимдүүлүгү шек жаратып жатканына карабай кабыл алып, кол коюп бере турган болсо, анда бул өкмөттүн ээрге башынан кыйшык отурганы болуп калмак. Мамлекет башчысы болгону ошол кыйшык отурууну түздөп, мыйзамдуу нукка салууну көздөп турат. 


Эгерде биз кыргызстандыктар ар кимибиз өзүбүзгө жаккан саясатчыларды колдоп, бийликти коркутуп, түрдүү митингдерди уюштура бере турган болсок, анда мамлекетибизди жоготуп алабыз. Мамлекеттин бүтүндүгү жана өнүп-өсүүсү үчүн биримдик, ынтымак жана сабырдуулук керек. Эң негизгиси пейилибизди оңдоп, ыйманыбызды бекемдейли.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн