Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кайсы чиновниктер канча сом төлөп, абактан чыгышты?

17.04.2021 18:26
1079
Кайсы чиновниктер канча сом төлөп, абактан чыгышты?


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өткөн жылдын октябрь айынан бери ар кандай кылмыш иштеринин негизинде мамлекетке 5 млрд сомдон ашуун каражат түшкөнүн маалымдады.


Алар кимдер?:

Күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке ири суммадагы чыгым алып келген кылмышкер катары акча төккөндөрдүн башында мурдагы бажычы Раимбек Матраимов турат. Ал казынага 2 млрд сом төктү.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев – 1 млрд сом;

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев – 100 млн сом;

Мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов – 100 млн сом; (жардам катары)

Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиев – 70 млн сом;

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов – 50 млн сом;

Крим төбөл Камчы Көлбаев – 50 млн сом;

Жоюлуп кеткен Каржы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев – 20 млн сом;

Түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш бажыларынын башчылары Нурлан Ражабалиев – 12 млн сом жана Адыбахаб Боронбаев – 8 млн сом;

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев – 2,5 млн сом;

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов – 1 млн сом;

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев – 1 млн сом;


Булар коррупция, мыйзамсыз баюу жана башка беренелер менен айыпталгандар. Алар тергөө менен кызматташууга барып, мамлекеттик казынага акча которгондон кийин абактан бошотулушкан. Арасында мүлк түрүндө бергендери да бар. 


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн