Өлкөдө коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүрүп, айрым калбыры бар үлкөндөр өлкөдөн кача баштаганы кабарланууда. Биздин ишенимдүү булактар Жогорку Кеңештин бир депутаты февралдын ортосунда Түркияга чыгып кеткенин маалымдады. Мурдагы бийлик тушунда таасирдүү фигура катары сыпатталып жүргөн бул эрен боюнча жакында журналисттик иликтөө да жарыяланган.
Мындан сырткары парламент депутаттарынын дагы бирине мындан 10-15 жыл мурда жасаган кылмыш иши кайра жанданып, “асманын кара булут” каптап туруптур. Жакынкы күндөрү айрым депутаттарга кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка алынышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн