Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кайсы класстар онлайн окууну улантары айтылды

26.03.2021 12:45
1147
Кайсы класстар онлайн окууну улантары айтылды

Эгер коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, Бишкектин көпчүлүк мектептери жазгы каникулдан кийин буга чейинки режимдегидей иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева "Спутник Кыргызстанга"  билдирген.


"1-апрель күнү төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз", — деди ал.

Ошондой эле Иманалиева жакынкы эки-үч аптадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алынарын жана бардык окуучуларды мектепте окутууга шарт түзүлөрүнө үмүт кыларын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн