Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кайсы тармактын студенттери салттуу режимде окуй баштайт

13.01.2021 12:01
536
Кайсы тармактын студенттери салттуу режимде окуй баштайт


Кыргызстанда Жогорку окуу жайларынын студенттери февралдан тарта реалдуу  режимде окуй баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.


Маалым болгондой, медициналык тармакта окуган бардык студенттер, башка тармакта окуган студенттердин акыркы курстары жан магистранттары салттуу формада окууну улантат.


"Бүгүн университеттерде жана колледждерде сессиялар өтүлүп жатат. Жазгы семестр февралдын башында же ортосунда башталат. Билим берүү жана илим министрлиги жумушчу топ түздү. Анын курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ЖОЖдордун жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү кирди. Жогорку жана орто окуу жайларындагы окуу процессин уюштуруу алгоритми иштелип чыккан", - деди Омуров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн