Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кайсы учурда Муфтийликке шайлоо кайрадан жарыяланат?

18.03.2021 16:29
743
Кайсы учурда Муфтийликке шайлоо кайрадан жарыяланат?

Тандалып алынган үч талапкердин да мүнөздөмөсү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жактырылбаса кайрадан шайлоо жарыяланат. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев 24.кг агенттигине билдирген.


"Азыр сегиз адам катталды. 1-апрелде катталган талапкерлер үчүн сынак уюштурулуп, атайын комиссия талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерет. Андан кийин алардын эң жогорку балл алган үчөөсүнүн документтери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана президенттик администрациянын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Алгылыктуу пикир алган талапкерлер Уламалар кеңешинин мүчөлөрүн тандоого көрсөтүлөт. Тандалып алынган үч талапкердин да мүнөздөмөсү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жактырылбаса кайрадан шайлоо жарыяланат", -деди Кадырбердиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн