Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?

06.01.2021 14:21
1574
Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт.


«Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:


16 жашка чейинки балдары бар;

Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?


“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.


«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?


айлык акы, стипендия;

ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);

жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт?


– пенсиянын бардык түрлөрү;


– мамлекеттик жөлөкпулдар;


– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;


– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;


– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.


«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат?


«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.


Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.


«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек?


паспорт;

балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;

үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;

банктык маалымдаректер.

Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:


жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;

мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;

статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат?


Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!


Көңүл буруңүз! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.


Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт?


«Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Шекербекова Бегайым
Мен 4балам менен батирде турам жолдошум жумушу туруктуу эмес,мен буга чейин ГОСТ жумушта иштечуумун азыр декретте олтурам.Жол пул алсам болобу?
Ибрагимов Акылбек Оболбекович
Менин 3 балам бар , өзүм 2 группадагы инвалитмин. Биринчи май районунуна караштуу турам ,улуу балам 19 жашта иштебей,ортоңку кызым 11класста окуйт, кичүүсү 4 , келинчегим иштебейт. Кичүү кызыма пасобия алчыбыз анан 2020 жылдан баштап албай калдык ,ар кандай документтерди сурашат үйдүн нологу төлөндү деген,машинаң жок деген справкалар ды сурашат . Мен кичүү кызыма таанып пасобия алсак болобу,кандай документтер талап кылынат.
Кумарбаева Бактыгуль
Бироонун уйундо жашайм уй салганбыз бутпой турат жолдошум ошол уйду бутуруш учун Россияда иштеп жатат .инв балам бар ага окмот 4400 акча берет мага 4900 перцональный ацистент акча алам ал баламдын лечениянынан витаминдеринен артпайт башка еки балам бар .жолок пул алсам болобу . Акчадан тартыштык болуп жатат
Исаков Амангелди Зулпукарович
Менин 5 балам бар аялым кош бойлу. Эмгек акым 5150 сом. Жолок пул алыш учун документ тапшырсак кабыл албады. Жумушун бар экен деп. Уй булоодо 7 адам болсо 5 мин айлык алсам. Кандайча кабыл албады? Сузак районунда. Эгер кабыл алса бир айлык жолок пулду кармап калат экен. Аны мага тапшыргандар совет берди.
Деркенбаева Кундуз Байтемировна
Мен жалгыз торт баланы багып жатам. Алименты 6000 сом алам. Айлыгым 12000 сом. Жашап жаткан квартирамдын акчасы. Жоолук пул ала аламбы?