Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кайсыл өлкөлөрдө коронавирус жок?

03.06.2020 11:35
1041
Кайсыл өлкөлөрдө коронавирус жок?

Учурда дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүндө коронавирус эпидемиясы өкүм сүрүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Кайсыл өлкөлөрдү COVID-19 кыйгап өттү?


Норвегиялык “Верденс ганг” гезитине жарыяланган макаланын авторлору алардын катарына Тынч океандагы Вануату, Науру, Тонга жана Соломон аралдарын, ошондой эле Түндүк Корея менен Түркмөнстанды кошкон.


Түндүк Корея жабык өлкө, ал эми Түркмөнстан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун делегациясын өзүнө киргизбей койду, ошондуктан буларда пандемиянын масштабы канчалык экендигин эч ким так айта албайт.


Коронавирустан ысырыктын жардамы менен коргонуу сунушталган түркмөнстандыктар дүйнөгө дүрбөлөң салган пандемия токтобой жаткандыгына карабастан, 31-майда мамлекеттик масштабда килеминин күнүн белгилешти. Ал эми бүгүн, 3-июнда бул өлкөдө Бүткүл дүйнөлүк велосипед күнү кенири белгиленүүдө. Ал эми майрамга карата кечээ, 2-июнда Эл аралык велосипедчилер союзу (UCI) өзүнүн жогорку сыйлыгын түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыйгарды.


Эске салсак, 30-апрелге чейин президент Эмомали Рахмон Ноорузду, андан сырткары картошка майрамын белгилеп, коронавирус жок жеп караманча жаап-жашырууга аракет жасаган кошуна Тажикстанда 3-июнга карата вирус жуккан бейтаптардын саны 4 минден ашты, алардын 47си көз жумду 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн