Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Каза болгондор бар. Бишкек-Ош жолунда 2 жеңил унаа катуу кагылышты (фото)

Каза болгондор бар. Бишкек-Ош жолунда 2 жеңил унаа катуу кагылышты (фото)


Бүгүн, 8-июнда саат 02:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында “Тойота Прадо” менен “Митсубиси Галант” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Митсубиси Галант” унаасынан болжол менен 40-45 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял), “Тойота Прадо” унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар тез жардам кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн