Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Каза болуп калган. Бишкекте адамдын кан тамырын кескен жаран кармалды

18.02.2022 10:22
424
Каза болуп калган. Бишкекте адамдын кан тамырын кескен жаран кармалды

Бишкектин 8-кичи районунда батирден эркек кишинин жансыз денеси аныкталды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, маркумдун өлүмүнө шектүү "Ууру" аталышындагы рейддин жүрүшүндө колго түшүрүлдү.


Милициянын маалыматына ылайык, 16-февралда саат 06:55 чамасында нөөмөтчүлөргө көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эркек киши кан тамырларын кескени тууралуу кабар келген.


"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, батирден 1982-жылы туулган Е.Ж. аттуу кишинин жансыз денесин табышты. Маркум денесинен көптөгөн жаракаттарды алганы белгилүү болду.


Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 130-берене (Ден соолукка оор залал келтирүү, ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган жосундар: байкабастыктан адамдын өлүмүнө, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүү же эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү (өзгөчө оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.


Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1977-жылы О.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн