Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Казак ишкерди коркутуп, 20 миң доллар талап кылган УКТнын мүчөсү кармалды

20.05.2022 14:23
369
Казак ишкерди коркутуп, 20 миң доллар талап кылган УКТнын мүчөсү кармалды


 УКМК тарабынан 2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуулукту аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражаттарын опузалап талап кылып алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1990-жылы туулган Б.К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


     Ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан "А.Д.", "А.М.", "М.М." жана "К.Б." аттуу адамдар Казакстан Республикасынын жараны Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан.

     

Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Е.Д.А. аттуу ишкерден 20 000 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып, ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн.


Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагыраагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды. 


  Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам КР     УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн