Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Казак жарандары мекенине кайтышты

10.02.2020 11:22
645
Казак жарандары мекенине кайтышты


Кыргызстанга качкан миңден ашык казак жарандары Казакстанга чыгып кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жекшембиде күндүзгү саат 10.00го карата миңден ашуун казак жараны мекенине чыгып кеткен.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы 2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булун автожол" жана "Токмок автожол" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга жарандардын тыгыны көбөйгөндүгүн аныктаган. 9-февраль кайра Кыргызстандан Казакстанды көздөй жарандардын кайтканы байкалып, саат 10.00 карата 1000ден ашуун Казакстандын жараны Кыргызстандан чыгып кетишкен", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Эске салсак, 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы массалык мушташ болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн