Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:55
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Казакбаев: Жапаров менен Эрдогандын ортосундагы биринчи саясий байланыш жогорку деңгээлде өттү

12.06.2021 16:45
1066
Казакбаев: Жапаров менен Эрдогандын ортосундагы биринчи саясий байланыш жогорку деңгээлде өттү


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы биринчи саясий байланыш жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мамлекет башчысынын Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгына комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Түркия менен Кыргызстан — жалпы тарыхы, каада-салты жана тектеш тили байланыштырган боордош өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр.

«Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу — эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алышып, тет-а-тет форматында жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү», — деп белгиледи Руслан Казакбаев.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин 5-жыйыны болуп, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлду.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү экономика багытында кыргыз ишкерлерин жана түрк инвесторлорун колдоо үчүн келечекте Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун ачуу өтө маанилүү экенин түшүнүүгө жетишишти.

Тараптар, тышкы иштер министри белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү керек деген пикирге келишти.

Түркия тарап, мындан тышкары, Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди.

Ошондой эле бизнес-форум өткөрүлүп, анын жыйынтыгында бир катар меморандумдарга кол коюлду.

Руслан Казакбаевдин айтымында, бизнес-форум түрк ишкерлеринин Кыргызстанга инвестиция салууга болгон кызыгуусун көрсөттү. Эки өлкөнүн маданият министрлеринин жолугушуулары да жемиштүү болуп, Түркияда көптөгөн маданий иш-чаралар пландаштырылууда.

«Дагы бир маанилүү маселе — эки өлкөнүн жарандарынын сапарларын жөнөкөйлөштүрүү, атап айтканда, визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу талкууланды. Бул маселе жалпы жонунан каралды, андыктан миграция кызматтарынын жана тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде дагы көп иштерди жасоо зарыл.

Авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси дагы көтөрүлдү. Биз аптасына 28 авиакаттам жүргүзүүнү сурандык. Түркия президенти бул сунушка макул болду», - деди тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн