Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:18
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Казакбаев менен Камилов кыргыз-өзбек мамилесин талкуулады

09.12.2021 14:46
813
Казакбаев менен Камилов кыргыз-өзбек мамилесин талкуулады



2021-жылдын 8-декабрында Ташкент шаарында «Борбордук Азия+Италия» Экинчи министрлик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-сапарларды өткөрүүнүн убактысын салыштырышты, эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр боюнча пикир алмашышты.


Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстанда ийгиликтүү өткөн саясий иш-чараларды белгилешти, 2021-жылдын мартында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды активдештирүү зарылчылыгы тууралуу макулдашышты.


Мындан тышкары маектештер Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун практикалык иштерин тездетүүгө, Фонддун алкагында Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борборду жана аталган борборду «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен байланыштыра турган «Дараот-Коргон-Үч-Коргон» автожолун куруу боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 60ка жакын биргелешкен долбоорлорду ишек ашырууну болжолдогон өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Иш-чаралар планынын («Жол картасы») эртерээк аткарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.


Көп тараптуу форматтардын алкагында тараптардын демилгелерин өз ара колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз тарабынан 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын резолюциясынын долбоорун кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын демилгесин колдоо өтүнүчү айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн