Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Казакбаев менен Лавров жолугушту. Авиабилет маселеси чечилдиби?

03.04.2021 07:49
1104
Казакбаев менен Лавров жолугушту. Авиабилет маселеси чечилдиби?

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.


Министрлер Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында кезиккен.


Тараптар эки өлкөнүн президенттери ортосунда болгон макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаган. Ошондой эле Россияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү, эки өлкөнүн ортосундагы темир жол байланыштарын калыбына келтирүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү тууралуу пикир алышкан.

Мындан сырткары, алар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүн уюштуруу, эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун линиясы жөнүндө сүйлөшкөн.


Тараптар Кыргыз-Россия мамилесин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча иш алып барууга даяр экендигин билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн