4-декабрда Казакстандын Павлодар облусундагы Экибастуз ЖЭБинин директору Сергей Видлог өзүнүн үйүндөгү гараждан жансыз абалда табылган. Бул тууралуу казак маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖЭБдин директору өзүн-өзү өлтүргөн.
Буга байланыштуу полиция тергөө амалдарын жүргүзө баштаган.
Эскерте кетсек, 27-ноябрда -30 градуста Экибастуз ЖЭБинде авария болуп жашоочулар жылуулуксуз калган.
Мындан улам Касым-Жомарт Токаев Павлодар облусунун башчысын алмаштырган жана ЖЭБди иштетүү боюнча тез арада чара көрүүнү тапшырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн